Ошто 1 миллион 400 миң сомду түзгөн аткезчилик жүккө бөгөт коюлду

Ошто наркы 1 миллион 400 миң сомду түзгөн аткезчилик жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түштүк-Батыш бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош-Ноокат унаа жолунда SCHMITZ үлгүсүндөгү жарым чиркегичи менен Scania үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Текшерүү учурунда унаанын жүк салынуучу бөлүгүнөн 400 даана желим баштыктарга салынган жалпы салмагы 20 000 килограммды түзгөн товар (лазер күрүчү) табылган.

Алынган товардын орточо базар баасы 1 миллион 400 миң сомду түзөт. Аталган факты боюнча чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилген.

Ош шаарынын прокуратурасынын тергөө бөлүмү тарабынан кармалган жаранга карата кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Бүгүнкү күндө товардын ээси кармалып, товарларды бажы тариздөөдөн өткөрүп, 328 000 сом өлчөмүндөгү тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан