Баткенде чек арадан мыйзамсыз жүктү алып өтүүгө аракет кылган жаран аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.
"Баткен облусунун Кара-Бак аймагында чек ара кызматкерлери тарабынан Кыргыз жараны Р.М.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа кармалган. Текшерүү учурунда унаадан Тажикстанда өстүрүлгөн 1600 килограмм бадыраң табылган. Ал товарларды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган", - деп жазылат маалыматта.
Тиешелүү документтер катталгандан кийин кармалган жаран жана жүктөр кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.