
Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жан берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Ага ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында (Кең-Булуң айылы) Ford Mondeo үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай бетон тосмону сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 2 адам (1970-жылы туулган (эркек киши) 1970-жылы туулган (аял киши) каза болгон.
Жерине Токмок шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылды. Каза болгон адамдардын жансыз денелери унаадан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.