Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев саясатчы Исмаил Исаковдун жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегине комментарий берди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, эч бир жер анклавга айланбайт. Ошондой эле ал саясатчыны такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырган.
"Эч качан Исфара-Чоркух-Ак Сай-Ворух жолуна эл аралык статус берилбейт! Бул айтканыңыз кыргыз элине кылган чыккынчылыгыңыз болот. Төрт-Көчөнү сиз да бергиңиз келип турабы, менин барымда берилбейт! Бир гана Ак Сай-Ворух жолу протоколго ылайык эки мамлекеттин башчылары кол койгон келишимге ылайык жолдун статусу аныкталып, андан соң салынат. Кандай шарттар коюлуш керек экендигин бул жерде көрсөтө албаймын.
Коңшулар бизге окшоп мамлекеттик комиссия түзгөн протоколдорду ачык талкуулап сырын ачып салбайт. Ошондуктан мен дагы 39-протоколдун сырын ачпоо керек деп эсептеймин.
Комиссияны жоюуга эч кандай негиз жок, Исмаил Исаков кааласа комиссияга кошуп алалы иштеп берсин. Бирок далилсиз, компетентсиз сөздөрүн таратууну мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн токтотуш керек. Эгер ушунчалык эле күйүп-бышып жатсаңыз, аскер адамы катары сыр сактоону негиз кылып сурасаныз баарына жабык иретинде жооп берүүгө даярбыз", - деп жазып калтырган Ташиев.
Мындан тышкары 2021-жылдын 1-майында кабыл алынган протокол кабыл алынгандай аткарылса, эки өлкөгө тең ыңгайлуу болорун, ошол эле учурда башка бардык чек ара тилкелерин толук тактап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн жазган.
Эске салсак, буга чейин саясатчы Исмаил Исаков жергиликтүү басылмалардын биринде чек ара маселеси боюнча маек курган.