Кызыл-Кыя шаарында жергиликтүү тургун эчкиге карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганы текшерилүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, 53 жаштагы З.Э. аттуу шаар тургуну күйөөсү 43 жаштагы А.Х. короосундагы эчкини зордуктап, эчкиге жугуштуу оорусун жугузгандыгын билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБинин маалыматтардын электрондук журналына 10-февралда катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.
Азыркы учурда арыздануучунун эчкисине ветеренария кызматы тарабынан текшерүү иштери дайындалды. Ошондой эле арыздануучу жана анын күйөөсү суралып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Тергөө иштери уланууда.