"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында "коломтосун сыйпалатуу", "колу жер алдында эмес" жана "жаактууга жай бербеген" фразеологизмдеринин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев түшүндүрүп берди.
Коломтосун сыйпалатуу - Таптырбай качып кетүү. Мисалы: - Урушта туруш жок, токтоосуз көчөлү, Молдоке, Жалийге коломтоңузду сыйпалаталы, жер чапчып калсын, - деди Кашгари.
Колу жер алдында эмес - Колунан бир нерсе келет, такыр эле айласыз эмес, түңүлүүгө болбойт деген мааниде. Мисалы: Биздин да колубуз жер алдында эмес, аларга бир керегибиз тиер.
Жаактууга жай бербеген - Сөзгө алдырбаган, эч кимге сөз бербеген, сөздөн жыгылып көрбөгөн адамга карата айтылат. Мисалы: Энем ашкан албуут, жаактууга жай бербеген карасур киши эле.