Кыргыз мушкери Нурланбек Марсель "Hardcore FC" уюмундагы алгачкы жеңишинде алган каражаттын бир бөлүгүн тажикстандык мушкер Камил Хасановдун апасынын операциясына жардам иретинде берди. Ал бул тууралуу беттештен кийинки сөзүндө билдирди.
"Бул жакта тажикстандык мушкер бар. Камил каратист (ред. Камил Хасанов). Анын апасы ооруп жатат. Эгер мүмкүн болсо менин гонорарымдын жарымын жардам иретинде ага жибергиле", - деди ал.
Белгилей кетсек, Нурланбек Марсель 10-февралда аралаш уруш боюнча орусиялык "Hardcore Fighting Championship" уюмунда жергиликтүү мушкер Григорий Беляев менен беттеш өткөрдү. Анда мекендешибиз 2-раундда атаандашын бутун кайруу ыкмасы менен жеңип алды.
24 жаштагы мушкер Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Ал күжүрмөн самбо боюнча спорт чебери.