
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылындагы сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 12-февраль күнү түнкү саат 23:21де Караван айылында сарай күйүп жаткандыгы кабарланган.
Жерине Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылып, саат 01:05те өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн жалпы аянты 100 чарчы метр. Тилсиз жоонун кесепетинен 270 даана таңгакталган тоют чөп күйүп кеткен. Бактыга жараша, жабыр тарткандар жок.
Өрттүн чыгуу себеби такталууда.