Бишкекте эртең Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

Бишкекте эртең, 14-февралда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, коштошуу зыйнаты 14-февралда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Эске салсак, Молдомуса Конгантиев кечээ 63 жашында мезгилсиз дүйнө салганы маалымдалган. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев генералдын акыркы түшкөн сүрөтүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

Ички иштер министрлиги ИИМдин мурдагы министри Молдомуса Конгантиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rahat73.
2022-02-13 12:31:50
Үй бүлөсүнө жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз
+10
souza.j
2022-02-13 22:05:48
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан