Бишкекте автобустун айдоочусу рулду башкара албай жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы билдирди.
"Бүгүн, 13-февралда түш ченде 7-автобустун айдоочусу "Мадина" базарынан рулга ээ боло албай жол четиндеги тосмону сүзгөн. Кырсыктан айдоочу жабыркады. Жүргүнчүлөр жабыркаган жок", - деди ал.
Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу өзүн жаман сезгендиктен рулга ээ боло албай калган.