Чүй облусунун Аламүдүн районунда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, маркум 36 жашта болгон.
Белгилүү болгондой, Беш-Күнгөй айылында аянты 25 чарчы метр үйдүн бир бөлмөсү күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Өрттүн кесепетинен иске ууланып 1986-жылы туулган Д.Е. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылды.