Бишкекте бир аптанын ичинде 5 миң 558 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Бишкекте бир аптанын ичинде 5 миң 558 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 4-февралдан 10-февралга чейин Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 5558 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

- Мас абалында унаа башкаруу - 92 айдоочу;

- Унаанын алдынкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 12;

- Айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу - 47;

- Техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу - 146;

- Унааны техникалык бузуулары менен башкаруу - 5;

- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 192;

- Башка жол эрежелерин бузуулар - 5064;

538 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан