Бүгүн, 14-февралда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты башталды.
Зыйнатка бир катар мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда.
Молдомуса Конгантиев 63 жашында мезгилсиз дүйнө салган.