Бишкекте бут кийим оңдоочу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-февраль күнү Ленин районуна караштуу Сыдыков көчөсүндө жайгашкан бут кийим оңдоочу жайдын, жалпы аянты 6 чарчы метр чатыры, тигүү машинкасы, стол күйдү.
Өрттү өчүрүүгө № 4 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн бир өрт өчүрүүчү унаасы тартылган.
Өрт саат 13:38де чектөөгө алынып, саат 14:01де толук өчүрүлдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.