Экс-министр Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына Камчыбек Ташиев катышууда

Бүгүн, 14-февралда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Коштошуу зыйнатына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талан Мамытов, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана депутаттар катышууда.

Мындан тышкары узатуу зыйнатына маданият өкүлдөрү келишти.

Эске салсак, Молдомуса Конгантиев 63 жашында мезгилсиз дүйнө салганы маалымдалган. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев генералдын акыркы түшкөн сүрөтүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

Ички иштер министрлиги ИИМдин мурдагы министри Молдомуса Конгантиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-02-14 23:59:45
Садыр Жапаров да барды го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан