Футзал: Кыргыз курамасы Ооганстанга жеңилип калды

Бишкекте өтүп жаткан "CAFA U-17 Futsal Championship" турниринде Кыргыз курамасы Ооганстанга 3:5 эсебинде жеңилип калды.

Кыргыз курамасынан голдорду Канат Сыдыков, Ильгиз Азамат уулу жана Бектур Ильясов киргизди.

Кыргыз курамасы кийинки оюнун 15-февралда Өзбекстан курамасына каршы өткөрөт.

Белгилей кетсек, Ооганстан курамасы футзал боюнча Азия чөлкөмүндө күчтүү командалардын бири. Ооганстандын 20 жашка чейинки курамасы 2019-жылы Азия чемпиондугунда күмүш медалдын ээси болгон. Футзал бул өлкөдөгү эң популярдуу спорттун бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан