Таласта төө буурчак уурдоого шектелип 3 бала кармалды. Алардын бири жабырлануучунун жээни

Таласта төө буурчак уурдоого шектелип 3 бала колго түшүрүлдү. Алардын бир жабырлануучунун жакын тууганы экени аныкталды дешет облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан.

Белгилүү болгондой, 7-январда Кара-Суу айылынын 33 жаштагы С.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылгын.

"Анда 6-январга караган учурда гараждын ичиндеги 12 кап төө буурчакты белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене менен катталып, кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында кылмышка шектелип 3 бала кармалды. Алардын бирөө 21 жаштагы Ж.Б. жабырлануучу тараптын жакын тууганы (жээни) экендиги такталды. Шектүүлөрдүн экинчиси 18 жаштагы С.И. жана үчүнчүсү 19 жаштагы А.Б. Кармалгандар тергөө бөлүмүнө тапшырылып, келтирилген материалдык чыгымды төлөп беришти. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2022-02-14 14:01:23
Жээн келгиче жети бөрү келсин болуптур да
0
rususu
2022-02-15 11:32:23
Ма сага, тууганды бала алыстатат болуптур да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан