Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV кышкы Олимпиада оюндарында Норвегия медалдардын саны боюнча кайрадан алдыга чыкты.
Бүгүн, 14-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 11:00гө карата Норвегия 9 алтын, 5 күмүш, 7 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунда Германия 8 алтын, 5 күмүш жана 1 коло медалы менен жайгашса, үчүнчүдө АКШ курамасы 7 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медалы менен келе жатат.
Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан Максим Гордеев катышууда. Ал 16-февраль күнү жарышка түшөт.