Хабиб Нурмагомедов UFC'нин мурдагы чемпиону Макс Холлоуейди нокаутка учуратты (видео)

UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону, орусиялык атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов бокс боюнча өткөрүлүп жаткан виртуалдык беттешке катышты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, виртуалдык беттеште Нурмагомедов UFC'нин мурдагы чемпиону Макс Холлоуей менен беттешип, атаандашын нокаутка учураткан. Нурмагомедов атаандышына 98 сокку узатып, 65 сокку өткөрүп алган.

Беттештен кийинки кыска маегинде Хабиб Нурмагомедов беттешүүдөн ырахат алганын моюнуна алган.

Бул виртуалдык беттеште "Рокки 4" тасмасынын каармандары бар болчу. Мындан улам Хабиб Нурмагомедов Аполлон Креддени тандаса, Макс Холлоуэй Иван Драгону тандаган.

Хабиб Нурмагомедов Макс Холлоуейди нокаутка учуратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zynk
2022-02-14 11:37:15
Жылдын эн мыкты боксу болуптур!)))
+1
Asmat84
2022-02-14 12:32:28
Виртуалдык жашоого кирип эле баратабыз. Акыры үйлөнбөй эле виртуалдык үйлөнүп вепкам менен жашап калат окшойбуз тооба
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан