Сокулукта сабалган эки жашар баланын ата-энесинин ата-энелик укуктары чектелди. Бул тууралуу Балдардын укуктарын коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, зордук-зомбулукка кабылган баланын мындан аркы жашоосун аныктоо үчүн Сокулук районунун балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны өттү.
"Ага ылайык, сабалган баланын ата-энесинин жана чоң энесинин пикирин уктук. Жыйынтыгында анын ата-энесинин укуктарын чектөө жана балдарды убактылуу чоң энеси Натальянын карамагына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды", - деген ал.
Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланган. Ошондой эле 2 жашар баланы токмоктоого шектүү адам камакка алынган.
Көп узабай атасы баланы иш берүүчүсү сабаганын айтып чыккан.