Ош облусунун Кара-Суу районунда адам өлтүрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-февралда саат 20:30 чамасында Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын тургуну 49 жаштагы А.А. аттуу жаран белгисиз жагдайда учтуу нерседен жараат алып каза болгон.
"Бул факты Кара-Суу РИИБине катталып, кылмыш иши козголду. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, кылмыш Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын Т.Эргешов көчөсүндө жайгашкан “Бекболот” аталышындагы дүкөндүн батыш тарабында болгондугу аныкталган. Анда 34 жаштагы Н.З. жана башка белгисиз жарандар спирт ичимдигин ичип отурушуп, сөз талашып уруша кеткен учурда Н.З. маркумду бычак менен сайган жана ал каза болгон", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда кылмышка шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.