"Спортчулар аземге чыкпайт". WADA орусиялык спортчу Камила Валиева боюнча билдирүү жасады

Допингге шектелип жаткан орусиялык 15 жаштагы спортчу Камила Валиева Олимпиада оюндарында алдынкы үчтүккө кирсе, калган спортчулар сыйлоо аземине чыкпайт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Эл аралык Олимпиада комитети эгер Камила Валиева медаль жеңип пьедесталга чыкса, спортчуларды сыйлоо аземи токтотуларын билдирди.

"Пекин Олимпиадасында Валиева алдынкы үчтүккө кирсе, кыз-келиндер арасында медал тапшыруу аземи болбойт", - деп билдирүү жасаган Эл аралык Олимпиада комитети.

Эске салсак, буга чейин Камила Валиеванын допинг-тести күмөндүү болуп чыкканы тууралуу маалымат чыккан. Ал эми бүгүн, 14-февралда Спорт арбитраждык соту Камила Валиеванын Олимпиададагы жүрүшүн улантууга уруксат берген.

Эми Камила Валиева 15-февралда кыска программа менен өнөрүн көрсөтөт. Ошондой эле ал 17-февралда муз үстүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond
2022-02-14 23:08:16
Үч орунду тең орустар утса чыгат да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан