"310 миң сом зыян келтирген". Баткенде алдамчылыкка шектелип 49 жаштагы адам кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Халмион айылындагы “Баяман-Баатыр” базарындагы сатуучуларды алдоого шектелип 49 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал базарда соода кылган сатуучулар менен алдамчылык жолу менен иш жүргүзүп келген, тагыраак айтканда анын үстүнөн 12 арыз келип түшкөн.

Шектүү арыздануучуларга жалпысынан 310 миң сом зыян келтирген. Тергөө иши Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлүп, шектүү сот жообуна тартылуудан качып, 3 айдан бери издөөдө жүргөн.

Азыркы кезде кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан