Ошто уурулук менен алектенген адамдардын уюшкан тобу кармалды

Ошто уурулук менен алектенип жүргөн адамдар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-февралда уурулук менен алектенүүгө айыпталган бир нече адам кармалды. Тактап айтканда, Араван районунун 23 жаштагы Л.уулу.О. аттуу тургуну жана Кара-Суу районунун 29 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну Ош шаарынын аймагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалгандар бир нече уурулук окуяларына шектелүүдө. Анын арасында буга чейин интернет мейкиндигине таркаган “Кара-суу районунун Фурхат айылынын тургуну Орусияда жүргөн адамдын үйүнө уурулар кирди деген” тасмадагы окуяга тиешеси бар экендиги жана мындан башка 6 кылмыш ишин жасагандыгы аныкталган.

“Бул топ тарабынан жабырлануучуларга карата беш жүз миң сомдон ашык чыгым келген. Шектүүлөрдүн бири буга чейин уурулук фактысы менен бир нече жолу соттолгон Л. уулу О. издөөдө жүргөн”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан