Көк-Арт ашуусунда 3 адам кар көчкү алдында калды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшүп, 3 адам изделип жатканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-февралда саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районуна караштуу Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун болжол менен 334-чакырымында, Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшкөн.
Кар көчкү “Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү Нива, жүктөгүч жана 2 экскаватор унааларын басып калып, 3 киши дайынсыз болууда.
Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 6 куткаруучусу, Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, ӨКМнын жалпы 20 куткаруучусу тартылган.
Учурда “Чайна Роуд” ишканасынан 4 даана жүктөгүч, 30 кызматкер тартылып издөө жана кар көчкүнү тазалоо иштерин жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bul-kim
2022-02-14 22:45:40
Эсен аман табылып калсын
0
Antiradikal10
2022-02-15 00:33:56
Кытайлар не жалко
-1
Antiradikal10
2022-02-15 00:36:07
Жээнбеков каматкан Тогуз-Тороолуктарды Жапаров мээси болсо бошоттурмак, кытайларды каматып.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан