Көк-Арттагы кар көчкү алдында калгандардын бири Кыргыз жараны, экөө Кытай жараны

Көк-Арт ашуусунда кар көчкү басып калгандардын экөө кытай, бири Кыргыз жараны. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, алдын ала маалыматтар боюнча кар көчкү бүгүн, 14-февралда саат 13:20лар чамасында Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 332-чакырымында түшкөн. Анда аталган участокто иштеп жаткан “Чайно Роуд” компаниясынын 1 погрузчик, 1 экскаватор, 1 НИВА техникалары тоннелден Казарманды карай жол тазалоо ишине бара жаткан учурда кар көчкү жүрүп, басып калган. Аталган 3 техниканын айдоочулары, 1 Кыргыз жараны, 2 Кытай жараны учурда изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан