Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Маевка айылындагы 5,8 га жер тилкеси мыйзамсыз түзүлгөн келишимдин негизинде В.С. аттуу жарандын жеке менчигине берилип кеткен.
Аталган жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында көзөмөл органы сотко доо арыз келтирип, жыйынтыгында толугу менен канааттандырылып, прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, 25 миллион 2 миң 255 сомдук 5,8 га жер тилкеси муниципалитеттин балансына өткөрүлдү.