"Олимпиададан кийинки алгачкы турнир". Акжол Махмудов Болгарияда өтө турган турнирге катышат

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов Болгарияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, "Dan Kolov - Nikola Petrov" турнири 17-20-февраль күндөрү Болгариянын Велико-Тырново шаарында өтөт. Бул турнирге Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта катышат.

Белгилей кетсек, бул Акжол Махмудовдун Олимпиададан кийинки алгачкы турнири. Махмудов январь айында өткөн күрөш боюнча өлкө чемпиондугуна катышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан