Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 86 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен белгилешкендей, маркумдун сөөгү өзү жашаган батирден табылган.
Куткаруучулар батирдин бекилип калган эшигин ачышканда, 1936-жылы туулган Ч.Б. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлдү.