Куудул, ырчы Гүлжайна Атакановага тармактык бизнестин жетекчиси Бакыт Аалиев арыз жазды. Бул туурасында ырчы өзү тастыктады.
Куудул социалдык тармактагы баракчасына калтырган билдирүүсүндө арызды окуганга чейин ишенбегенин айтат.
"Арызды колума алып окуганга чейин ишенген жокмун. Көргөн көзүмө ишенбей, кайра-кайра окудум. Эгер такыр чечилбей турган маселе болсо да мынчалык нес абалда болбойт элем. Күткөн эмесмин. "Сооптун түбү тешик" деген ушул беле? Канча адамдар арыз жазабыз дегенде "койгула, андай кылбагыла, баары жолуна түшөт, көрөсүңөр мурдагыдай иштейт" деп таламын талашып жүргөнүмө жол болсун.
Арызды жазганга кантип колу барды? Кантип калем сапты кармап жазды? Жазып жатканда көз алдына ушунча чогуу жүрүп, чогуу иштеп, ысык-суукта чогуу болгондор кантип келбеди? Бакыт Аалиев, ушундай адам белең? Менин жакшылыгымды унутуп койгон болсоңор, Кудай таразаласын", - деп жазылат билдирүүдө.
Андан тышкары куудул күйөрмандарынын суроолоруна жооп берип жатып бул окуя ага чоң сабак болгонун айтты.
Азырынча тараптар окуя тууралуу кеңири түшүндүрмө берише элек.