Көк-Арт ашуусунда эки ирет кар көчкү түшүп, 4 адам дайынсыз болуп изделүүдө

Жалал-Абад облусунда эки ирет кар көчкү түшүп, анын кесепетинен 4 адам дайынсыз болууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, учурда издөө-куткаруу иштери улантылууда.

Маалым болгондой, 14-февралда саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районунун аймагында, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолдун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүп, Нива, Пикап үлгүсүндөгү унааларын, экскаватор жана бульдозерди сайга сүрүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам дайынсыз болууда.

Ошол эле күнү саат 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 340-чакырымында дагы кар көчкү түшүп, Пикап унаасын, бир вагонду басып калган. Натыйжада үч адам (66 жаштагы А.А., 52 жаштагы К.Т. – эркек кишилер, Кыргыз жарандары жана Л.З. аттуу Кытай жараны) жабыркап, бир адам дайынсыз болууда (аты-жөнү такталууда).

"Техникалардын баары "Чайна Роуд" ишканасына таандык. Учурда жеринде министрликтин 20 куткаруучусу издөө-куткаруу иштери жүргүзүшүүдө. Ошондой эле "Чайна Роуд" компаниясынын техникалары менен жол тазалоо иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан