Бишкекте каракчылык фактысына шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын П.Д. аттуу тургуну белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен Свердлов РИИБине кайрылган. Анда 10-февраль күнү саат 21:00 чамасында белгисиз адамдар өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырып, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, уюлдук телефонун ээлеп алып, дагы 3000 сом алып келүүнү талап кылышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 206-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Т.М. жана 2004-жылы туулган Д.У. аттуу жарандар кармалды. Алар Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.