Бишкектин тургунун көчөдөн тоноп кеткенге шектүүлөр колго түшүрүлдү. Алардын бири 1 айлык мөөнөткө камакка алынганын Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 8-февралда шаар тургуну Ленин РИИБине арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Чүй кең көчөсүнөн арыздануучунун баласынан 17 миң сомдук уюлдук телефонун, 3 миң сомду түзгөн кулакчынын жана 7 миң сом акча каражатын ачык түрдө алып кетишкени айтылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 206-берене (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
"Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү делинип 2003-жылы туулган Р.Б. жана 2004-жылы туулган Б.Э. аттуу жарандар кармалды. Ленин райондук соту тарабынан Р.Б. бир айлык мөөнөткө камакка алынды. Ал эми 17 жаштагы Б.Э. ата-энесинин кароосуна өткөрүп берилди.
Азыркы учурда кылмышка шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө иштери жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешет маалымат кызматынан.