Борбордогу Улуттук китепканада бүгүн, 22-ноябрда "Жүрөгүм
ырдап турат, ыйлап турат, Ырларды Кудайындай сыйлап турат" аттуу китеп көргөзмөсү өтөт. Бул иш-чара Эл акыны, КРнын Эмгек сиңирген ишмери Төлөгөн Мамеевдин 75
жылдыгына карата өткөрүлүүдө.
Улуттук китепкананын кызматкерлери берген маалыматка ылайык көргөзмөдө Төлөгөн
Мамеев жөнүндө материалдар, анын китептери, акындын өмүрүн жана чыгармачылык
жолун чагылдырган макалалар жайгаштырылат.
Иш-чаранын ачылышында акындар,
жазуучулар, маданият жана билим берүү кызматкерлери, ММКнын өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышат.
Төлөгөн Мамеевдин алгачкы ыры 1954-жылы Совет райондук
"Коммунизм үчүн" гезитине жарыяланган. "Ажайып дүйнө" аттуу алгачкы ырлар жыйнагы
1975-жылы жарык көргөн. Анын ырлары орус, казак, өзбек, алтай ж.б. тилдерде жарык көргөн.
1986-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
2000-жылы
"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген наам
берилген.