"2 миң долларын алган". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-декабрында Биринчи Май РИИБине М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда К.Т. аттуу жаран алдамчылык жолу менен 2 миң долларын ишенимдүү түрдө батирди узак мөөнөткө ижарага берем деген шылтоо менен ээлеп, белгисиз тарапка изин жашырып кеткенин айткан.

Аталган факты Биринчи Май РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин "алдамчылык" негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган К.Т. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан