Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан өлкөнүн бюджет жаатындагы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды. Анын кесепетинен өлкөгө 15 миллион сомдон ашык зыян келтирилген дешет Башкы прокуратурадан.
Маалым болгондой, аталган ишканага прокурордук текшерүү жүргүзүлгөн.
"Бишкек шаардык мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз төлөп берүү жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу фактыларынын негизинде мамлекетке 15 миллион 191 миң 500 сом зыян келтирилгендиги такталды.
Бул факты боюнча 337-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 339-берене (билип туруп пайдасыз келишим түзүү) жана 346-берене (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.