Акылбек Жапаров: "Асман шаарын курууга Тимур Файзиев 1 миллион доллар акчасын салды. Убакыт берип көрөлү"

Бүгүн, 15-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын өткөрүүдө.

Анда ага Тимур Файзиев тууралуу суроо берилди.

"Сот күнөөлүү деп тапса, коомчулукка зыян кылса түрмөдө отурушу керек. Тимур Файзиевди көптөн бери билем. Анын Асман шаарын курууга энергиясы, акыл-эси жетет. 1 миллион долларга жакын акчасын сарптап иштеп баштады. Асман шаарын курууга келгенде сын-пикирлер эске алынат. 50 жаштан өткөндөн кийин ким болбосун жакшы жактарын ойлой берет экенсиң. 2-3 ай убакыт берип көрөлү", - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын жаз мезгилинде Ысык-Көл облусуна экологиялык "Асман" шаары курулары кабарланган. Аталган шаарды куруу долбоорун ишкер Тимур Файзиев жетектей турганын жазып чыккан.

Тимур Файзиев коррупцияга, Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шектелген. 2021-жылы 27-майда Биринчи Май райондук соту Тимур Файзиевге карата сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.

Андан кийин Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Кийинчерээк ишкер өлкөдөн сыртка чыгып кайра кайтып келгени кабарланган. Андан соң Башкы прокуратура Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан