Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун мүчөсү Нурлан Мамытов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Нурлан Мамытов коррупцияга шектелип УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал соттун чечими менен 8-мартка чейин камакка алынган.
Белгилей кетсек, Нурлан Мамытов Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун мүчөсү болуп 2021-жылдын июнь айында дайындалган.