Чүйдө уурулукка шектелип кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды

Чүй облусунун Кант шаарында люктардын капкактарын уурдоого шектелген жаран колго түшүрүлдү. Анын мындан башка дагы 2 кылмыш ишине катыштыгы бар экени аныкталды дешет облустук ички иштер башкы башкармалыгынан.

Маалыматка ылайык, 31-январда Ысык-Ата РИИБине бир мекеменин жектечиси арыз менен кайрылган. Ал Кант шаарындагы көчөлөрдүн биринде люктун капкактары белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, кылмышка шектелип 1980-жылы туулган А.У. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлдү. Шектүүнүн мындан башка дагы 2 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды. Учурда анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан