Бүгүн, 15-февралдан 16-февралга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы оюндар өтөт. Бүгүнкү оюнда 1/8 финалга чыккан 4 команда кез келет.
Оюндардын тизмеси: "ПСЖ" (Франция) - "Реал Мадрид" (Испания);
"Парк де Пренс" стадиону (Париж шаары, Франция)
Башкы калыс: Даниэле Орсато (Италия).
"Спортинг" (Португалия) - "Манчестер Сити" (Англия);
"Жозе Алваладе" стадиону (Лиссабон шаары, Португалия);
Башкы калыс: Срджан Йованович (Сербия).
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.