"Бакыт каалайбыз", "Жеңелүү болот экенбиз". Шоумен Бакыт Байсариев кимдин колун сурады?

Шоумен, актёр Бакыт Байсариев социалдык тармактагы баракчасына кутуга салынган шакекти кармап турган сүрөтү менен бөлүштү. Ал жөн гана сүрөттү жарыялап тим болбостон, "бүгүн менин таңым кофе менен башталган жок. Бүгүн мен күйөө баламын" деген кыска билдирүү калтырды.

Анын бул билдирүүсүнүн алдына айрымдары "бакыт каалайбыз" деп жазышса, айрымдары "жеңелүү болот экенбиз" деген комментарийлерин калтырышты.

Суроо жараткан сүрөт боюнча шоумендин өзүнө байланышканыбызда, буларга токтолду.

"Негизи бул кыска метраждуу тасмадан алынган кадр. Мен тасмада башкы ролдо ойноп жатам, акыркы эпизоддору тартылды. Тасма жалгыз бой жүргөн кыздар менен жигиттердин маселеси тууралуу. Анда ата-энелердин, туугандардын сунушу менен таанышкан кыз менен жигиттин образын жараттык", - дейт ал.

Белгилүү болгондой, кыска метраждуу тасмада Бакыт Байсариев актриса Рахат Аксултанова менен башкы ролду жаратат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jibani
2022-02-15 16:41:04
Ой супееер укмуш элесинеи э кумурсканы пил кылып
+6
Antiradikal10
2022-02-15 19:04:27
Тасмадан алынган кадр болсо, каяктагы теманы койгон журналисттерге наалат болсун
+6
elmira.
2022-02-15 21:03:41
Муну Бактыгул жазды
0
Dembele84
2022-02-15 22:38:36
Теман менен сенин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан