УКМК: "Жасалма ПЦР-тесттерди даярдоо фактысы аныкталды"

Коронавируска ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы тууралуу жасалма электрондук сертификаттарды даярдоо жана таратуу боюнча мыйзамсыз факты аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жасалма сертификаттар кыргыз жана чет мамлекеттердин диагностикалык лабораторияларынын QR-коддору менен даярдалган.

Мындай мыйзамсыз схеманын негизги катышуучуларынын бири катары А.К. аттуу Кыргыз жараны кармалды.

Анын смартфонун текшерүүдө ата мекендик жана чет элдик диагностикалык лабораториялардын белгилүү тармактарынын 1000ден ашык жасалма электрондук сертификаттары табылган.

Чогултулган материалдар кармалган жаран менен бирге андан аркы процессуалдык аракеттерди көрүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан