Телефон жана зымсыз кулакчын. Бишкекте 2 өспүрүм тоноочулук фактысына шектелип кармалды

Бишкекте түн ичинде шаар тургунун тоногонго шектелип 2 өспүрүм кармалды. Алар жабырлануучуга карата физикалык күч колдонушкан дешет Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан.

Маалым болгондой, борбор калаанын тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда 12-февралда түнкү саат 03:20 чамасында белгисиз адамдар арыз ээсине күч колдонушуп, телефонун жана зымсыз кулакчынын тартып алышканы айтылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берене (тоноо) менен катталып, кылмыш иши ачылган.

"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө, тоноого шектелип 2005-жылы туулган Б.У. жана 2007-жылы туулган К.Э. колго түшүрүлдү. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми телефон жана кулакчын ээсине кайтарылды", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан