Зер буюмдарды уурдап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Зер буюмдарды уурдап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы борбор калаанын тургуну 2020-жылдын аягында болгон уурулук фактысы боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучу унаанын ичиндеги сумкасынан ири өлчөмдөгү алтын жасалгаларын уурдап кеткен белгисиз жаранды таап, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факты “уурдоо” беренеси боюнча катталып, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

“Кылмышкер уурдалган зер буюмдарды күрөөканага өткөрүп, андан түшкөн акча каражатын өз кызыкчылыгына колдонуп жүргөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган, Чүй облусунун тургуну 1989-жылы туулган Ш.Д. аттуу жаран кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жана «смотрящий» криминалдык макамына ээ. Ал башка кылмыштарга да шектелүүдө”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан