Үстүбүздөгү жылдын 28-октябрь күнү саат 18.30дар чамасында белгисиз айдоочу Гагарин көчөсүндө Бишкек шаарынын тургунун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жол кырсыгынан улам 27 жаштагы Т.К. денесинен ар кандай жаракаттарды алган.
Жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн бир катар иш-чаралардын негизинде 21-ноябрь күнү Бишкек шаарынын 24 жаштагы К.М. аттуу жараны кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.