Талас шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бактыга жараша, жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок дешет ӨКМнын маалымат кызматынан.
Белгилүү болгондой, өрт тууралуу маалымат куткаруучуларга саат 15:18де келип түшкөн. Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, өрт саат 16:28де толук өчүрүлдү.
"Кырсыктын кесепетинен турак үйдүн 32 чарчы метр чатыры күйдү. Өрт мордун туура эмес түзүлүшүнөн улам келип чыккан", - дешти мекемеден.