Бүгүн, 16-февралда Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV кышкы Олимпиада оюндарында кыргыз спортчусу Максим Гордеев жарышка түштү.
Слалом боюнча Олимпиадага катышкан Максим Гордеев 81-катар сан менен жарышка түшүп, тилекке каршы, башталганда эле жыгылып түшүп, андан ары жүрүшүн уланта албай калды.
Слалом боюнча азырынча австриялык спортчу алдыда. Анын көрсөткүчү 53,92 секунд.
Кыргыз спортчусу катышкан слалом боюнча 88 спортчу Олмпиадага катышса анын 52си гана финишке жетти.
Слалом боюнча экинчи жарыш Бишкек убактысы боюнча саат 11:45ке белгиленген.
Белгилей кетсек, Пекинде өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан Максим Гордеев гана катышты.