"Көзүнө жаш алып". Допингге шектелип жаткан Камила Валиева биринчи орунду камсыздады

Орусиялык 15 жаштагы көркөм муз тебүүчү Камила Валиева Пекинде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыска программада өнөрүн көрсөтүп, өзүн жаман сезгендиктен маалымат жыйынга катышкан жок.

Орусиянын Олимпиада комитетинин басма сөз кызматынын жетекчиси Константин Выборнов Валиева кийим алмаштыруучу жайга жакындаганда өзүн жаман сезгендигин билдирген.

Пекинде өтүп жаткан Олимпиадада көркөм муз тебүүчүлөр арасында кыска программадагы мелдеш аяктады. Биринчи орунду допингге шектелип жаткан Камила Валиева ээледи. Ал өнөрүн көрсөтүп жатып ката кетирип алды. Бирок 82,16 упай менен биринчи орунду камсыздады. Өнөрүн көрсөткөндөн кийин Камила Валиева кармана албай ыйлап жиберди.

Эске салсак, буга чейин Камила Валиеванын допинг-тести күмөндүү болуп чыкканы тууралуу маалымат чыккан. Ал эми 14-февралда Спорт арбитраждык соту Камила Валиеванын Олимпиададагы жүрүшүн улантууга уруксат берген. Кийинчерээк Эл аралык Олимпиада комитети Камила Валиеванын денесине допинг чоң атасы колдонгон азык-түлүк аркылуу киргендигин билдирген.

Эми Камила Валиева17-февралда муз үстүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rususu
2022-02-16 10:43:48
Мына 1-орун деген кандай жагымдуу,биздин Максим Гордеевти жок дегенде 41-орун десе да суйунмокпуз.
+2
nurgaz
2022-02-16 11:03:34
Алтын медаль бериш керек эле Камиличкага
+4
bond02
2022-02-16 15:55:21
Аах койноктун цвети делебенди козгойт го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан