Нарын районунда уурулук фактысына шектелген жарандар изи сууй электе кармалышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 12-февраль күнү Нарын районунун тургуну 1 баш коюн белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айтып Нарын РИИБине арыз менен кайрылган.
Бул факты каттоого алынып, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, жабырлануучунун 1 баш коюн мал базарда бейтааныш кишилерге сатып жаткан жеринен Нарын районунун тургуну, 2003-жылы туулган К.А., 2003-жылы туулган Н.Т. жана 2002-жылы туулган М.А.кармалган. Алар кылган күнөөлөрүн моюнуна алышкан.
Шектүүлөрдүн башка да кылмышка катыштыгы бар же жок экендиги боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада дагы башка 5 уурулук фактысы аныкталган.
Нарын райондук сотунда шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылды.