Токмоктун тургуну баңги затын мыйзамсыз жасоого шектелип кармалды

Чүй облусунун Токмок шаарында баңги затын мыйзамсыз жасоого шектелген жаран кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүүнүн жашаган жеринен далил буюмдар алынган.

Белгилүү болгондой, Токмок ШИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан баңги каражаттарын жасап, сактап жүргөн адам тууралуу ыкчам маалымат алынган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн аты-жөнү аныкталган.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө соттун токтомунун негизинде аталган жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, желим бөтөлкөнүн фрагменти (болжол менен бульбулятор) болгон айнек идиш, 15 даана ок, целлофан баштыкка оролгон кочкул-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат жана дат баскан мылтык алынган.

Бул факты 283-беренеде каралган кылмыштардын белгилери менен (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) каттоого алынган.

Кылмышка шектелип 1989-жылы туулган Д.Р. аттуу мурда соттолгон жаран кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилди. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан